Ссылки доступа

Назарбаев өкмөттө олуттуу өзгөрүү болбой турганын билдирди


Премьер-министр Карим Масимовдун отставкага кетиши менен министрлер кабинетинде олтуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Мындай билдирүүнү Астанада өткөн өкмөттүн жыйынында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев билдирди.

«Учурда өкмөт отставкага кетти. Биз убакыт созбой, тез арада силердин башчыңарды жана жаңы министрлерди дайындоо менен бул маселелердин баарын чечебиз. Менимче, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Себеби өкмөт оор кезеңдерде өз жумушун жасап, берилген тапшырмалардын баарын аткарат», - деди Назарбаев.

Премьер-министрдин милдети биринчи вице-премьер Бакытжан Сагинтаевге жүктөлдү. Бейшембиде мурдагы өкмөт башчы Карим Масимов улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Владимир Жумаканов президенттин кеңешчиси болду.

Бүгүн Назарбаев кадрларды алмаштыруунун өз логикасы бар экенин белгиледи. Анын айтымында, ушул тапта коопсуздукту камсыздоону күчөтүү зарыл болууда. Масимовдун тажрыйбасы жана республикадагы кырдаалды жакшы билгендиги эске алынып, ага кыйын учурда жооптуу секторду башкаруу милдети жүктөлдү.

XS
SM
MD
LG