Ссылки доступа

Бакуда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршы массалык митинг өттү (видео)


Оппозициянын биргелешкен фронту тарабынан уюштурулган 12-сентябрдагы митингге миңдеген жарандар катышты. Алар "Референдумдун эмне кереги бар? Бир киши — Ильхам Алиев үчүн Конституцияны үчүнчү ирет өзгөртүү үчүн гана", - деп кыйкырышты.

Азербайжан бийлиги 26-сентябрда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү көздөп жатат. Анда президенттикке талапкерлердин жаш курагын чектөөнү алып салуу, президенттин кызматтагы мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу, парламенттик шайлоого 18ге толгон жарандардын катышуусуна уруксат берүү сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталган.

Нааразылык акциянын катышуучулары референдум өткөрбөөнү, реформаларды жасоону жана саясий айып менен камалгандарды бошотууну талап кылышты.

«Азербайжандын элдик фронту» партиясынын лидери Али Керимли митингдегилердин бардыгы тең референдумга бойкот жарыялоо үчүн чогулганын белгиледи. «Анын кимге кереги бар? Биз бир киши — Ильхам Алиев үчүн гана Конституцияны үчүнчү жолу өзгөртпөшүбүз керек. 2002-жылы ал өкмөткө келсин деп, 2007-жылы кайра шайлансын деп өзгөрткөнбүз, бул жолкусунда - Алиев бийлигинин позициясын күчөтүү үчүн өзгөрткөнү жатышат», - деп кошумчалады ал.

Журналист Хадиджа Исмайлова дагы референдум бийликтин башкаруучу үй-бүлөнүн бир мүчөсүнөн экинчисине берилишин бекемдейт деп эсептейт.

В Баку - массовый митинг против референдума по увеличению президентского срока
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

XS
SM
MD
LG