Ссылки доступа

Түркмөнстанда газ, электр энергиясы жана сууга болгон жеңилдиктерди жоюу сунушталды


Түркмөнстандын Аксакалдар кеңешинин катышуучулары шаршембидеги жыйында жаратылыш газын, электр энергиясын жана сууну бекер колдонуудан баш тартууну демилгелешти. Бул тууралуу РИА Новости билдирүүдө.

Кенештин катышуучулары Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылып, өлкөдөгү жеңилдиктерди кайра карап чыгууну жана жаратылыш газын, электр энергиясын жана сууну бекер колдонууну жоюуну сурашты.

Демилгечилер өлкө жашоочуларынын турмушу жакшырганын, мындай жеңилдиктер болсо мамлекетте реформа жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып жатканын жүйө келтиришти.

Түркмөнстан президенти Аксакалдар кеңешинин жыйынын жыйынтыктап жатып, жеңилдектерден баш тартуу маселесин акыл менен өлчөп, таразалап карап чыгуу керектигин билдирди. Президенттин пикиринде, мамлекет калкка ар кыл жеңилдиктерди берүү менен бирге эле жаратылыш байлыктарын туура пайдаланып, сактап, аларды кийинки муунга өткөрүп берүүсү керек. Өлкө башчы бул маселени тыкыр иликтеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алууну даярдоону өкмөткө тапшырды.

XS
SM
MD
LG