Ссылки доступа

Бюллетендердин 90 пайызы саналгандан кийин Мамдумага алты партия өттү


Орусия БШКсынын эсеби боюнча бюллетендерин 90 пайызы эсептелди. Ага ылайык, партиялык тизме боюнча “Бирдиктүү Орусияга” шайлоочулардын 54 пайызы добуш берди. Бир мандаттуу округдар боюнча дагы ал атаандаштарынан ат чабым озуп кетти. 225 округдун ичинен 203үндө бийликчил партиянын өкүлдөрү алдыда  келе жатат.

Мындан тышкары Мамдумага Коммунисттер партиясы 13,5 пайыз, ЛДПР 13,3 пайыз жана “Акыйкат Орусия” партиясы алты пайыздан ашыгыраак добуш менен өттү. Бир мандаттуу округдар боюнча парламенттеги мандаттарга “Родина” жана “Жарандык платформа” дагы ээ болот.

Калган партиялар Мамдумга өткөн жок. “Яблоко” партиясы эки пайыздай гана добуш топтой алды. ПАРНАС 0,7 пайызга ээ болду. Саясий өнөктүккө болжолдуу түрдө шайлоочулардын 50 пайыздан азыраагы келгени айтылууда.

ПАРНАС партиясынын лидери Михаил Касьянов шайлоого элдин аз келгенине капаланып, алдын ала жыйынтыктары менен шайлоодо тандоо мүмкүнчүлүгүн бербегени үчүн бийликти айыптады. Касьяновдун айтымында, жараян мыйзам бузуулар менен өттү. Ал бийлик таза жана эркин шайлоолордон коркот деп эсептейт.

Көз карандысыз байкоочулар 18-сентябрда өткөн шайлоолор өтө көп кемчиликтер менен коштолгонун билдиришти. Бюллетендерди массалык түрдө үкөккө таштоо, байкоочулардын жана тилкелик шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн укугунун бузулушу, шайлоочуларды ташуу жана “карусель” ыкмасын колдонуу фактылары катталганын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG