Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Азизмухаммад Холмухаммадзода күч түзүмдөрү тарабынан дүйнөлүк желенин көзөмөлдөнүп жатышын террорчулук менен күрөшүү, өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу менен түшүндүрүүдө. Анын айтымында, былтыр ноябрда “Терроризм менен күрөшүү жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар антитеррордук операция жүргүзүү маалында интернет жана мобилдик байланышка бөгөт коюуга укук алышкан.
Жыл башында Тажикстан кибертерроризмге жана маалымат технологиялары менен жүзөгө ашкан кылмыштарга каршы күрөшө турган борбор ачарын жарыялаган. Бийлик интернеттин, анын ичинде социалдык түйүндөрдүн жардамы менен кылмышкерлер экстремизм идеаларын жайылтып, жаштарды азгырып жатканын айтып келет. Буга байланыштуу дүйнөлүк желедеги көзөмөлдү күчөтүүдө.