Ссылки доступа

Мирзиёев Ангренге келерде миңдеген адам көзөмөл алдында шаарды тазалады


Ташкент облусунун Ангрен шаарынын бюджеттик мекемелеринин кызматкерлери, мектеп жана колледждердин окуучулары массалык түрдө калааны тазалоого чыгышты. Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин келерине байланыштуу жергиликтүү бийлик аларды мажбурлап иштетти.

Миңдеген адам үч күн бою атайын күзөтчүлөрдүн көзөмөлү алдында шаарды тазалап чыкты. Мындан тышкары Ангрен базарында товарларга болгон баа 20-25 пайызга төмөндөтүлдү.

Иш сапар алкагында Мирзиёев “Ангрен” атайын индустриалдашкан зонасын жана жылуулук электрстанциясын, ошондой эле дыйкандардын базарын кыдырды.

Маалымдалгандай, Өзбекстанда мурда деле бул сыяктуу окуялар болгон. Өлкө башчы кайсы бир аймакка барганда базар администрациясы бааларды кескин төмөндөтүп, бирок президент кеткенден кийин кайра наркты калыбына келтирчү.

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жаш курагында дүйнө салган. Өткөн жумада Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы өлкө башчылыгына 59 жаштагы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин жылдырган.

XS
SM
MD
LG