Ссылки доступа

Астананын тургуну бомба тууралуу билдирүүсү үчүн соттолду


Астана соту жергиликтүү тургунду полиция имаратындагы жардыруучу зат тууралуу жалган билдирүү таратууга күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун материалдары боюнча Астананын жашоочусу ыкчам кызматтарга чалып, шаардын полиция бөлүмүндө жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирген. Тергөө анын бул кадамга «мас абалында» барганын билдирүүдө. Астананын Алматы райондук сотунун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.

Казакстанда жайдын башында террор коркунучунун «сары» чеги киргизилген. Ага июнда Актөбөдөгү курал саткан дүкөндөр менен аскер бөлүмүнө жасалган чабуул себеп болгон. 18-июлда Алматыдагы полиция имараты менен Улуттук коопсуздук комитетинин имараттарына кол салуу болгондон кийин ал 2017-жылдын 15-январына чейин узартылган.

Өткөн айда Актөбөнүн жашоочусу теракт даярдалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү таратканы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган. Полицияга кайрылган маалда ал да «мас абалында болгон».

XS
SM
MD
LG