Ссылки доступа

Оксфорд дүйнөнүн мыкты университети аталды


Times Higher Education басылмасы тарабынан Британиядагы Оксфорд университети дүйнөдөгү эң мыкты университет деп табылды. Дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын рейтинги Thomson-Reuters маалыматтык кызматы менен биргеликте түзүлгөн. Ал бул сыяктуу престиждүү үч тизменин бирөөсү болуп эсептелет.

Рейтингдин 13 жылдык тарыхында биринчи жолу америкалык эмес жогорку окуу жай мыкты деп табылды. Оксфорд университети өз эшигин 1096-жылы ачкан. Быйыл ал беш жылдан бери рейтингдин сап башында турган Калифорния Технологиялык институтун экинчи орунга жылдырды.

Бул орун алмашуудан башка Times Higher Education рейтингинин алдыңкы сабы өзгөрүүсүз калган: үчүнчү орунда - калифорниялык Стэнфорд, төртүнчүдө — англиялык Кембридж, андан соң - Массачусетс Технологиялык институту, Гарвард, Принстонс университеттери жайгашкан. Алдыңкы ондуктун катарына 6 америкалык окуу жай кирген.

Рейтингди түзүүдө жогорку окуу жайлардын илимий салмактары негизги ролду ойнойт. Ал басылып чыккан илимий макалалардын саны, цитата катары пайдаланылуусу, тартылган грант өлчөмү, эксперттик коомчулуктун пикири жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргелешип алынып барылган иштердин көлөмү сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.

Мыкты 200 окуу жайдын катарына Орусиядан бир гана Москва Мамлекеттик университети кирип, 188-орунга жайгаштырылган. Өткөн жылы Орусияда мыкты эки жүздүктү толуктаган жогорку окуу жайлардын саны төртөө болгон. Тизмеге кирген орусиялык 24 окуу жайдын тогузу былтыркы ээлеген орундарынан төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG