Ссылки доступа

Саратовдо Өзбекстан жараны үй менен чогуу адамдарды өрттөөгө айыпталууда


Саратов прокуратурасы мурда соттолгон Өзбекстандын 28 жаштагы жаранына карата козголгон кылмыш ишинде айыптоочу бүтүм чыгарды. Уйгун Боброев эки адамды, анын ичинде наристени өлтүрүүгө айыпталууда. Мындан тышкары беш кишинин өмүрүнө коркунучтуу жол менен кол салуу жана турак-жай өрттө боюнча күнөөлөнүп жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча 2015-жылы 24-декабрда Боброев Саратовдо 20 жаштагы таанышы Галинанын үйүн атайын өрттөп жиберген. Кылмыш жасалган маалда үйдө эч ким болгон эмес. Мындан кийин ал коңшу жайгашкан таанышынын чоң апасынын үйүн өрттөгөн.

Өрттүн кесепетинен 2012-жылы туулган кыз жана психикалык оорусу бар 33 жаштагы эркек киши өлгөн. Дагы үч адамды ӨКМ кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирге сактап калышкан. Эки үйдүн чыгымдары 570 жана 689 миң рублга бааланган.

Айыпталуучу күнөөсүн жарым жартылай гана моюнга алды. Ал 8 жылдан 20 жылга чейин түрмөгө отуруп, же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөө иши Саратов облустук сотуна жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG