Ссылки доступа

Орусия БШКсы Сирияда добуш берген жарандардын санын жарыялады


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Сирияда добуш берген орусиялыктардын санын жарыялады. Бул маалымат ал өлкөдөгү орусиялык аскерлердин болжолдуу санын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу РБК жазды. Сириядагы орус аскерлеринин саны тууралуу расмий маалыматтар мамлекеттик сыр деп айтылбайт.

Сириянын аймагында бир шайлоо тилкеси ачылып, ал Дамасктагы элчилик имаратында жайгашкан. Андан сырткары көчмө добуш берүү үчүн үкөк Хмейми орус аскерий базасына жеткирилген. Жалпысынан Мамдуманы шайлоого Сирия аймагында төрт жарым миңден ашык киши катышса, алардын ичинен 193 гана адам Дамасктагы орус элчилигинин имаратында добуш беришкен. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги шайлоодо Сириядагы аскер кызматкерлеринин 100 пайызы добуш бергенин билдирген.

РБК маалымдагандай, Сириядагы орусиялык шайлоочулардын бул саны рекорд койду. 2011-жылдагы парламенттик жана 2012-жылдагы президенттик шайлоолорго мындан төрт эсе аз орусиялык жаран катышкан.

Орусия Сириядагы согуштук операцияларын 2015-жылдын сентябрында баштаган. 2016-жылдын мартында орус бийлиги Сириядан аскерлеринин «негизги бөлүгүн» чыгарып кеткени тууралуу расмий жарыялаган. Кремль билдиргендей, анда Орусиянын чектелүү аскердик контингенти калган. Алар экстремисттерге каршы күрөшүп, Сирия президенти Башар Асаддын армиясына жардам берүүдө. Расмий маалыматтар боюнча Сирияда 20 орусиялык аскер кызматкери курман болду.

XS
SM
MD
LG