Ссылки доступа

Орусия менен АКШнын Сирия боюнча макулдашуусунун бир бөлүгү жарыяланды


Бейшемби күнү Associated Press агенттиги Орусия менен Кошмо Штаттар тарабынан 9-сентябрда кол коюлган макулдашуунун бир бөлүгү камтылган документ жарыялады.

Андагы маалыматтарга ылайык, Алеппого бара турган башкы жолдун айланасында демилитаризацияланган аймак түзүлүүсү керек. Ошондой эле Сирия президенти Башар Асаддын армиясы менен көтөрүлүшчүлөрдүн каршы тарап таштап кеткен аймакты ээлөөсүнө тыюу салынат.

Макулдашууда исламчылар менен сирия оппозициясынын ээлеген аймактарынын чектерин так аныктоо керектиги жазылган. Андан сырткары оппозициячыл топторду Орусияда тыюу салынган «Жабхат ан-Нусра» кыймылынан өзүнчө бөлүү зарылдыгы айтылган.

Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова агенттик тарабынан жарыяланган документтин аныктыгын ырастады. Ал интернетке чыккан макулдашуу келишилген беш документтин бирөөсү экенин белгиледи.

Кошмо Штаттар Сирия боюнча макулдашууларды «сезимтал маалымат» деп атап, алардын жарыяланышына каршы болуп келет. Кремль макулдашуулардын ачык жарыяланышы жаңжалды жайгарууга жардам берерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG