Ссылки доступа

Астана жаңы "ядросуз зоналарды" түзүүгө үндөдү


Астана аймакта, анын ичинен Жакынкы Чыгышта жаңы ядролук эмес зоналарды түзүүнү жактайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ТИМ башчысы Ерлан Идрисов БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай чара аймактагы туруктуулукту камсыздоого шарт түзөт. Ал 2015-жылы Башкы Ассамблея тарабынан бекитилген өзөктүк куралдан көз карандысыз тынчтыкты түзүү жөнүндөгү резолюция Астананын демилгеси болгонун баса белгиледи. Бирок дүйнөлүк державалар жана регионалдык топтор ортосундагы ишенимдин жоктугу ядролук куралсыздандыруу жараянына тоскоол болгонун кошумчалады.

«Эл аралык укуктагы айрым боштуктар ядролук технологияларды согуштук максатта түзүүгө жол ачууда. Буга байланыштуу өзөктүк куралсыздандыруу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр тунгуюкка барып кептелди», —деди Ерлан Идрисов.

Министр Казакстан 25 жыл мурун ири ядролук полигонду жапканын жана дүйнөдө чоңдугу боюнча төртүнчү ядролук арсеналдан баш тартканын баса белгиледи. Мындан улам ал өзөктүк куралсыздануу жараянын улантууга жетишүүгө Астананын “толук моралдык укугу бар” деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG