Ссылки доступа

Өзбекстан аскердик блокторго кошулбоо жөнүндөгү саясатын сактайт


Өзбекстан кайсы болбосун аскердик-саясий блокторго кошулбоо жөнүндөгү тышкы саясий курсун сактап калды. Мындай пикирин БУУнун Башкы Ассамблеясында өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов билдирди.

«Өзбекстан тышкы саясатта ырааттуулукту кубаттайт. Өзбекстан кандай гана аскердик-саясий блок болбосун кошулбайт. Мындан тышкары башка мамлекеттердин аскер базаларын жана объектилерин өлкө аймагына жайгаштырбайт», –деди Камилов.

Ал Өзбекстандын маркум президенти БУУнун трибунасында бир нече жолу сөз сүйлөгөнүн жана анын демилгелери эл аралык коомчулукта колдоо таап турганын баса белгиледи.

Өзбекстан ТИМ башчысы республика мындан ары дагы эл аралык келишимдердин жана эки тараптуу макулдашуулардын негизинде алган милдеттенмелерин аткарарын айтты.

XS
SM
MD
LG