Референдумда электорат президенттин ыйгарым укуктарын узартуу жана талапкердин төмөнкү жаш курагын аныктоодон баш тартуу боюнча пикирлерин билдирет.
Эл аралык укук коргоо уюмдары добуш берүүнү сынга алышууда. Активисттер референдум алдында өкмөт журналисттерге, жарандык коом жана укук коргоочуларга карата басым көрсөтүүнү күчөтүп жатканын айтышууда.Алар Батышты Баку бийлигине каршы турууга жигердүү үндөп жатышат.
Алиевге президенттик пост атасы Гейдар Алиевден өткөн. Ал бийлик башында 2003-жылдан бери турат.
Мунайдын дүйнөлүк баасы арзандагандан бери кирешеси дал ушул жаратылыш байлыгынан көз каранды болгон бул өлкөдө экономикалык жана социалдык көйгөйлөр курчуду.