Ссылки доступа

Матаевге карата өкүм 3-октябрда угузулат


Казакстан Улуттук пресс-клубунун жетекчиси жана Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевге карата өкүм 3-октябрда угузулат.

Астанада 27-сентябрда Казакстандын Журналисттер союзунун төрагасы Сейтказы Матаевдин жана анын уулунун соту өттү. Матаевди прокурорлор мамлекеттин мүлкүн уурдаган жана салык жашырган деп айыптап, өзүн 6 жыл 8 айга, уулу Асетти 6 жылга кесип, болгон мүлкүнөн ажыратып, үч жыл ишкердик менен алектенүүсүнө тыюу салууну соттон суранды.

КазТАГ маалымат агенттигин жетектеген Асет Матаев сотто сүйлөп жатып аларга карата козголгон кылмыш ишти "рейдерлик" деп атады.

- Мен күнөөлүү эмесмин. Менин ата-энем - журналисттер. Биз өтө курч маселелерди көтөрчүбүз. Биздин оозубузду жабуу аракети жүрүп жатат, - деди ал.

Сейтказы Матаев аларга тагылып жаткан айыптардын биринин да так далили жок экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG