Ссылки доступа

Казакстанда кытай туристтери үчүн атайын турпакет иштелип чыкты


Казакстандын компаниялары Кытайдан келчү туристтер үчүн «Жети күнгө баары кошулган» деген 320 долларлык атайын туристтик пакет даярдашты. Бул тууралуу кечээ Астанада өткөн алгачкы казак-кытай туристтик форумунда айтылды. Пакет Кытайдан туристтерди тартуу максатында иштелип чыкты.

Казак туроператорлорунун кытай базарын тандап алуусу өткөн жылы ал өлкөдөн келген туристтерден турган топтор үчүн жеңилдиктерди берүү тууралуу меморандумга кол коюлгандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Форумдун уюштуруучулары коңшу өлкөнүн тандалышына кытайлыктардын эң көп саякаттаган элдердин катарына киргендиги да түрткү болгонун билдиришти.

Кытайдын Туризм иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын атайын өкүлү Дай Биндин айтымында, буга чейин Казакстанда болгон кытайлык туристтер Караганда өңдүү кичинекей шаарларда дагы» Wi-Fi бар экенине таң калышкан.

Дай Бин кытай туристтери үчүн транспорттук инфраструктуранын өнүгүшү менен алар жактырган азембелектер сатылган дүкөндөрдүн көп болушу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал мекендештери Казакстанды автоунаада саякаттоого ыңгайлуу өлкө катары эсептешерин айтты.

Казак-кытай туристтик форуму башталар алдында Казакстандын туристтик агенттиктер биримдигинин башчысы Асель Нуркебаева кытайлыктар үчүн өлкө саякаттоонун бардык багыттары боюнча кызыктуу экенин жана алар көбүнчө эс алууга топ-топ болуп келе тургандыктарын айткан.

XS
SM
MD
LG