Ссылки доступа

Пентагон Иракка 600 аскер жөнөтөт


Пентагон Мосулду бошотуу операциясына ирак армиясын даярдоо максатында аталган өлкөгө 612 америкалык аскер кызматкерин жөнөтөт. Ирактагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган бул калаа “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндө турат.

Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Эштон Картер билдирди. Жыйынтыгында Ирактагы америкалык контингенттин саны 5 200 кишини түзмөкчү.

Аскерлердин көпчүлүгү ирак жана күрд бөлүктөрүн Мосулга чабуул жасоого даярдап, кол салуу учурунда аларга колдоо көрсөтөт. Ирак премьер-министри болсо АКШ “инструктор жана кеңешчилерди” жөнөтүүдө деген билдирүү таркатты.

Мосулду үч миңден төрт миңге чейинки жоочу-исламист кармап турат. Калааны экстремисттерден бошотуу жараяны АКШдагы президенттик кампаниянын фонунда ишке ашмакчы. Операция ийгиликке жетип же оңунан чыкпай калса, Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондун президент болуу ыктымалдуулугуна өз таасирин тийгизет. Себеби Трамп Клинтонду АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турганда “аракетсиздиги” менен ИМдин алдынкы террордук уюмга айланышына түрткү берди деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG