Ссылки доступа

Орусия Жогорку соту Межилистин иштешине салынган тыюуну күчүндө калтырды


Орусиянын Жогорку соту крым-татар элинин Межилисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салган Крым сотунун чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Межилистин кызыкчылыгын коргогон жактоочулар эми бул бүтүмдү жокко чыгаруу үчүн Страсбургдагы Адам укуктары боюнча европалык сотко кайрылышат.

Жарым арал аннексиялангандан кийин эки жыл өткөн соң, быйыл 26-апрелде Крымдын Жогорку соту Межилисти экстремисттик уюм деп таап, анын иштөөсүнө тыюу салган.

Межилиске атайын макамды украин өкмөтү 1999-жылы берген. Крымда татарлар калктын 12 пайызын түзөт. Жарым арал Орусия тарабынан 2014-жылы аннексиялангандан кийин көптөгөн адам ал жактан чыгып кеткен.

Крымда калгандар болсо жаңы бийлик тарабынан куугунтукка алынып жатканын айтышууда. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана батыш өкмөттөрү Москваны түрк тилдүү этникалык топко туура эмес мамиле жасаганы үчүн сындап келишет.

XS
SM
MD
LG