Ссылки доступа

Кыргыз УКМКсы тажикстандык укук коргоочунун жубайын кармады


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети тажикстандык укук коргоочу Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаеваны 2-октябрдын түнү Стамбулдан Бишкекке учуп келгенде кармап кетти. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Жанета Хамзаеванын кармалганын анын Бишкекте жашаган энеси Гүлнара Айталиева да ырастады. "Кылым шамынын" өкүлдөрү окуянын чоо-жайын билүү максатында атайын кызматка баргандыктарын айтышты. Азырынча УКМК Хамзаеванын кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Маалыматка караганда, кармалган аялдын күйөөсү Собир Валиев Тажикстандагы белгилүү укук коргоочулардын бири. Өткөн жумада ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында тажик бийлигин катуу сындаган. Азыркы кезде мекенине бара албай чет мамлекетте жүрөт. Анын жубайы, бишкектик Жанета Хамзаева Кыргызстанга ооруп жаткан энесине каралашуу үчүн келгени кабарланды.

XS
SM
MD
LG