Сейтказы Матаев соттук жараянды "спектакль" жана "фарс" деп атады. Ал уулунун кайраттуулугуна жана жактоочулардын колдоосуна ыраазычылык билдирди.
– Мага жана уулума боор оорунун кереги жок. Биз өзүбүздү күнөөсүз деп эсептейбиз. Башкача ой жүгүрткөндөр Казакстанда болушу керек, антпесе демократия өкүм сүрбөйт. Мен өзүмдү оппозиционер деп санаган эмесмин, санабайм дагы. Кандай гана жагдай болбосун мен адилеттүүлүктү жактайм, –деди Матаев.
Укук коргоочулар Сейтказы Матаев Журналисттер бирикмесинин төрагасы катары ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын билдирүүдө. 61 жаштагы Матаевдин ден-соолугуна байланыштуу соттук жараяндар бир нече жолу кийинкиге которулуп келген эле.