Ссылки доступа

Өзбекстанда ЕККУнун байкоочулар миссиясы иштейт


11-октябрдан 14-октябрга чейин Өзбекстанда ЕККУнун байкоочулар миссиясы иштейт. Уюм өлкөдөгү ички саясий абал менен таанышат.

«Независимая газета» жазгандай, ал таанышуунун негизинде 4-декабрга белгиленген президенттик шайлоого толук кандуу байкоо жүргүзүүнүн максаттуулугу тууралуу чечим кабыл алынат. ЕККУ шайлоо формалдуу мүнөзгө ээ болуп, учурда байкалып жаткан режимди либералдаштыруу жөн гана бул багытта аракеттер болуп жаткандыгын көрсөтүү максатында жасалып жатышы мүмкүн деп эсептейт.

Өзбекстан БШКсы ЕККУнун байкоочуларын алдыдагы президенттик шайлоону баалоо үчүн чакырган. Ташкент Батышка демократиялык баалуулуктарды урматтай турганын көрсөтүү аракетинде. Мурдагы жылдары Өзбекстанда кандай гана шайлоолор болбосун ЕККУ чектелген сандагы байкоочуларын жөнөтүп, аны «өлкөдөгү шайлоолордо атаандаштыктын жоктугу жана толук кандуу миссиянын зарыл эмес экендиги» менен түшүндүрүп келген.

XS
SM
MD
LG