Ссылки доступа

Вячеслав Володин Мамлекеттик думанын спикери болду


Вячеслав Володин  жетинчи чакырылыштагы Мамлекеттик думанын спикери болуп дайындалды. Буга чейин президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басарын бул кызматка Владимир Путин өзү сунуштаган.

Вице-спикерлер болуп “Бирдиктүү Орусиядан” Александр Жуков жана Коммунисттер партиясынын өкүлү Иван Мельников дайындалышты.

Бул арада президенттик администрациянын башчынын биринчи орун басарлыгына Путин “Росатомдун” генералдык директору Сергей Кириенкону алып келди. Мамлекеттик корпорацияда анын ордун Алексей Лихачев ээледи.

Володин президенттин администрация жетекчилигинин катарына Владислав Сурков отставкага кеткенден кийин, 2011-жылы декабрда кошулган. Ал ички саясат маселелерин тескечү. Вячеслав Володин 2014-жылы “Путинсиз Орусия жок болот” деген сөзү менен коомчулуктун эсинде калган.

XS
SM
MD
LG