Жергиликтүү жашоочулардын биринин айтымында, Риштан облусунда өсүмдүк майын мааленин аксакалдары атайын тизме менен таратышууда. Пахта теримге чыкпагандарга чектелүү өлчөмдө, жарым литрден гана берилип жатат.
Аймакта төрт литр пахта майы коммерциялык дүкөндөрдө 45 миң сум болсо, мамлекеттик дүкөндөрдө анын наркы 32 миң сум.
Бул арада президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна келерде бардык мамлекеттик жана жеке уюмдардын кызматкерлери пахта теримге жөнөтүлдү.