Алардын саны 360 адам. Дүйшөмбүгө ажыларды Airbus тибиндеги араб авиакомпаниясындагы лайнер жеткирет. Зыяратчылардын 200 адамдан турган алгачкы тобу Сауд Арабиядан 18-сентябрда келген.
Дүйшөмбүнүн 55 жаштагы тургуну Илхом Аминжоновдун айтымында, зыярат 50 градус ысык менен коштолду. Баары эле мындай аптапка чыдай албайт. Бирок буга карабай, мусулманчылык парз аткарылды.
Быйыл ажылык сапар учурунда үч тажик зыяратчы каза болду. Алардын сөөгү Меккеде жерге берилди. Бул жылы исламдагы ыйык Мекке жана Медина шаарларына 6 миңден ашуун тажикстандык барды.