Human Rights Watch, Норвегиянын Хельсинки Комитети жана Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча ассоциациясы бийликтен соттолгон адвокаттарды тезинен бошотуп, көз карандысыз жактоочулардын иштөөсүнө шарт түзүүнү талап кылышууда.
Тажикстанда адвокаттар –Бузургмехр Ёров 23 жылга, Нуриддин Махкамов 21 жылга эркинен ажыратылган.
2014-жылдан бери бул өлкөдө бир канча укук коргоочу кармалган жана соттолгон, айрымдары куугунтукка алынууда. Бийлик саясий себептерден улам кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын укугун коргогон жактоочуларга ушундай мамиле жасап келет.
Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамовдун адвокаты соттун өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга доо арыз жолдой турганын билдирди. Жактоочулар бүтүм мынчалык катаал болорун күтүшкөн эмес.