Сайфиддин Салимовду укук коргоо органдары быйыл мартта кармашкан. Ал экстремисттик коомго мүчө болуу, жалданмачылык жана улуттук, расалык, диний кастыкты козутууга айыпталган.
Тергөө Салимовдун үч ай бою ИМ тобунун Түркиядагы машыгуу лагерлеринде даярдыктан өткөнүн, мекенине кайткан соң Кулябдагы ички иштер бөлүмүндө теракт жасоого белсенгенин аныктаган.
Сайфиддин Салимовдун туугандары болсо соңку жылдары ал Орусияда эмгектенип, үй-бүлөсүн багып жүргөнүн, бирок Тажикстанга келгенден кийин аны кармап кетишкенин айтышууда.
Бул арада Сайфиддин Салимовдун адвокаты өкүмдү жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанцияга кайрылбай турганын билдирди.