Ал куралдарды аскер бөлүктүн кампасынан алып чыгып сатып жатканы, үйүн тинтүү учурунда да мыйзамсыз курал-жарактар чыкканы кабарланган.
Коргоо комитетинин басма сөз катчысы Майрамбек Мусиев анын камалганын бышыктады:
-Биз айдоочунун колго түшкөнүн эле тастыктайбыз. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, аты-жөнүн айта албайбыз. Башка жагдайлар тууралуу комментарийди ишти иликтеп жаткан органдар берсин.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Кылмышка шектелип кармалган айдоочунун прапорщик аскердик чини бар.