Ссылки доступа

Казакстанда Кепилдендирилген турак-жай курулуш фонду ишке кирет


Казакстандын “Байтерек” мамлекеттик холдинги көп кабаттуу үйлөрдү бүтүрүү үчүн үлүшкерлерге кепилдик берүүнүн механизми ишке киргенин жарыялады. Жаңы түзүлгөн фонд курулуштарды аягына чыгаруу боюнча үлүшкерлерге кепилдик берет.

Холдингдин маалыматы боюнча үй куруучу арыз берген маалда фонд анын документтеринин жаңы мыйзамга шайкештигин текшерет. Эгер ал бардык талаптарга жооп берсе гана фонд үй куруучу жана курулуш компаниясы менен кепилдик берүү боюнча келишимге кол коет.

Андан кийин фонд үлүшкерлердин каражатынын жумшалышын көз карандысыз компания аркылуу көзөмөлдөп турат. Компания салынып жаткан турак-жайдын сапатын дагы текшерүүгө укуктуу.

Фонддун өкүлдөрүнүн айтымында, турак-жай курулушун кепилдендирүү механизмдерин жүзөгө ашыруу бул тармактагы ачык-айкындуулукту камсыздайт жана үй куруучулардын жоопкерчилигин жогорулатат. Кепилдендирилген турак-жай курулуш фондуна каалоочулар арыз менен кайрыла баштаса болот.

XS
SM
MD
LG