Маалымдалгандай, мамлекет башчы тышкы иштер министри Эрлан Абдылаевди жана президенттик аппарат башчысынын орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду кабыл алып, алдыдагы эки сапарды талкуулады.
Жолугушууда Атамбаев өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана негизги артыкчылык багыттары тууралу маалыматтарды укту.