Ссылки доступа

Салгылаштар уланып жаткан Кундуздан миңдеген адамдар качып кетүүдө


Өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» мүчөлөрүнүн ортосунда салгылаштар уланып жаткан Ооганстандын түндүк тарабындагы Кундуз шаарын он миңдеген адамдар таштап кетишти.

БУУнун маалыматы боюнча, согушкерлер шаарга кол салган 3-октябрдан бери калаадан 33 миң киши чыгып кеткен.

Согуштук аракеттерден улам стратегиялык маанидеги ал шаардын жашоочулары суу, азык-түлүк, дары-дармек жана электр жарыгысыз калуу коркунучунда турушат. Ооганстандын Качкындар иши боюнча министрлиги Кундуздан качкан адамдардын санын 100 миң деп баалоодо.

XS
SM
MD
LG