Ссылки доступа

Атамбаев: кыргызстандыктарда кризиске карата иммунитет пайда болду


Кыйынчылыктар кыргызстандыктарды кайраттуу кылып, жыйынтыгында бизде бардык кризиске каршы иммунитет пайда болду. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда билдирди.

«Күн мурун кайсы бир чет өлкөлүк сайттан кызыктуу кабар окуп калдым. Анда газы же мунайы жок кыргыздар бир гана өз күчүнө ишенип, жалпы мамлекет жана ар бир жаран өз жолун таап алды деп жазылыптыр. Ошондуктан, кыргыздар кризистен коркпойт, ал эми мунай-газ байлыктарына таянган өлкөлөр дүйнөлүк каатчылыктын чакырыктарына даяр эмес болуп чыкты. Кечээ эле Кыргызстанды мамлекет катары бутунан турбаган, келечеги жок өлкө дегендер эми экономикалык кризис кимдин ким экенин далилдегенин моюндарына алышты», -деди Атамбаев.

Президент миңдеген жарандардын көп жылдан берки кажыбас эмгеги менен Кыргызстан мезгил өткөн сайын бекемделип, өрүш алып баратканын баса белгилеп айтты.

Бардыгы болуп 252 жаран мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Президент Алмазбек Атамбаев аларга 10 миң сомдон, ал эми өлгөндөн кийин сыйлангандардын үй-бүлөлөрүнө – 20 миң сомдон тапшырды.

XS
SM
MD
LG