Ссылки доступа

Екатеринбургда маянасын ала албай жаткан мигранттар иш ташташат (видео)


«Екатеринбург шаар куруу компаниясы» эки айдан бери мигранттарга маяна төлөп бере элек. Мигранттардын опузасынан кийин жергиликтүү бийлик бул окуяны иликтеп баштады.

Жумушчу Мирсодик Мамадов карызга батканын, аласаларын үстөк пайызы менен талап кылган доочулар күн сайын келип жатышканын билирди. Ал акчасы жок үй-бүлөсү менен ижарага алган батиринен дагы чыгып калды.

Компания мигранттарга жалпысынан 7 миллион рубль карыз. Баары легалдуу иштейт.

«Екатеринбург шаар куруу компаниясынын» башкы директору Александр Широченко журналисттер менен жолугушуудан баш тартты. Атүгүл мигранттар иште “алешемдиктерге” жол бергендиги үчүн ага төлөп берүүлөрү керектигин айтууда. “Биз жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечели дегенбиз, бирок алар макул болушкан жок. Биз эми сапатсыз жана өз убагында бүткөрүлбөгөн иш үчүн сотко кайрылдык”, - деди ал.

Прокуратура компаниянын ишмердүүлүгүн текшере турганын маалымдады.

В Екатеринбурге мигранты угрожают забастовкой
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

XS
SM
MD
LG