Ссылки доступа

Македонияда өкмөткө каршы миңдеген адамдар катышкан акция өттү


Македонияда миңдеген адамдар өкмөткө каршы тынч акцияга чыгышты. Алар быйыл декабрда өтө турган парламенттик шайлоо өлкөдөгү башкаруучу режимди кулатып, эркиндикти кайра алып келүүсү керек деген үмүтүн билдиришти. Акцияны оппозициядагы социал-демократтар партиясы уюштурду.

«Биз режимди кулатып, эркиндигибизди кайтаруу менен тарыхты башкарып жатабыз. Биздин курал — бул биздин добуш», — деп билдирди оппозиция лидери Зоран Заев парламент имаратынын алдына чогулгандардын алдында сүйлөп жатып.

Соңку 1,5 жылдан бери Македонияда саясий кризис өкүм сүрүүдө. Ал оппозициялык саясатчылар бийликтин коррупцияга аралашкан иштерин ашкерелегенден кийин башталган.

Өткөн айда бир нече партия лидерлери чогулуп, 11-декабрда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү макулдашкан. Сүйлөшүү жараянына айрым Батыш өлкөлөрү ортомчулук кылган.

Бул шайлоо Македонияны саясий кризистен алып чыгат деген үмүттөр бар.

XS
SM
MD
LG