Ссылки доступа

ФСБ Крымда крымдык татарлардын үйүндө тинтүү жүргүздү


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Крымда крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүздү, бир адам кармалды. Бул тууралуу "Крым.Реалии" сайты кабарлайт.

Крым-татар элинин Курултайынын БШК башчысы Заир Смедляевдин айтымында, тинтүү Меккеге зыярат кылып келген крым татарларынын үйлөрүндө жүргөн. Ал аннексияланган жарым аралдын бийлиги ажыларды "Хизб-ут Тахрир" уюмуна тиешеси бар деп айыптоо ниетинде деп эсептетейт.

2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин жарым аралда крым-татар активисттеринин жана Межлистин мүчөлөрүнүн үйлөрүндө жапырт тинтүү жүргөн. Украинанын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарынын куугунтукка кабылышын айыптаган.

XS
SM
MD
LG