Мунапыс анча оор кылмыш жасабаган аялдарга, өспүрүмдөргө, жаш курагы 60тан ашкан эркек жарандарга, майыптарга жана чет элдиктерге берилет.
Боштондукка чыга тургандардын так саны азырынча жарыялана элек.
Адатта мындай мунапыс Өзбекстанда 8-декабрга жакын берилчү. Андыктан бул жолу бошотуу тууралуу мыйзам эртелей кабыл алынып жатышын айрым серепчилер Мирзиёевдин президенттик шайлоого даярдыгы деп баалоодо.
Мурдагы президент Ислам Каримов каза болгондон кийин өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген.