Ссылки доступа

ЕКПА Крымдагы шайлоону айыптап, санкцияларды узартууга чакырды


Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ЕКПА) аннекцияланган Крымдын аймагында өткөн 18-сентябрдагы Орусиянын Мамдумасына шайлоону айыптады.

Шаршемби күнү кабыл алынган «Орусиянын Украинадагы агрессиясынын кесепеттери» аталышындагы резолюцияда шайлоонун өткөрүлүшү эл аралык укуктарды одоно бузганы жана шайланган Думанын легитимдүүлүгүнө шек туудурары айтылат.

Резолюцияга Донецк жана Луганск облустарында, ошондой эле Крымда Украинанын көзөмөлү орногонго чейин Орусияга карата санкцияларды албоо сунушталган украин делегациясынын өзгөртүүлөрү да кирген.

Андан сырткары Парламенттик ассамблея Крымда жана ДНР менен ЛНРде адам укуктарынын сакталышына арналган өзүнчө резолюция кабыл алды. Аталган аймактарда адам укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик «иш жүзүндө аларды көзөмөлдөп жаткан» Орусияга жүктөлөт. Резолюцияда крымдык татарлардын укуктары менен эркиндигинин сакталышы керектигин өзүнчө бөлүнүп керсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG