Жактоочу Эмил Курбедиевдин "Крым.Реалии" сайтына билдиришинче, Орусия ФСБсы тинтүү иштерин Меккедеги ажылыктан кайтып келген крымдык татарлардын үйлөрүндө жүргүзгөн. Ал аннекцияланган жарым аралдын бийлиги аларды Орусияда террордук деп саналган «Хизб-ут Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгүнө катышууга айыптоо ниетинде деп эсептейт.
Крым 2014-жылы аннекциялангандан кийин жарым аралда крымдык татар активисттери менен Межлис мүчөлөрүнүн үйлөрүндө жапырт тинтүү жүргүзүлгөн. Украинанын Тышкы иштер министрлиги басылып алынган аймактагы өз жарандарынын куугунтукталышын айыптаган.