Мирзиёевдин виртуалдуу кабылдамасына жооптуу аткаминердин айтымында, жарандарын көпчүлүгү банктардагы накталай акчалардын жоктугуна, айыл жериндеги электр жана газдын тартыштыгына, мындан тышкары автосалондордо машина сатып алуунун кыйын экендигине нааразы.
Атуулдар Ташкент шаарына катталуудагы жана биопаспорт алуудагы кыйынчылыктар, ошондой эле укук коргоо органдарынын мыйзамыз аракеттери боюнча да арызданышкан.
Виртуалдуу кабылдама жума бою тынымсыз иштейт. Жарандар чечилбей жаткан көйгөйлөрү боюнча кыска номурларга телефон чалып же кат жолдой алышат.
Бул арада Фейсбук социалдык түйүнүндө дагы атайын баракча ачылды. Бул жерде Мирзиёевдин виртуалдуу кабылдамасына түшкөн арыздар жана алардын чечүү боюнча кабыл алынган чаралар туурасында маалымат берилүүдө.