Саргсян Армения Тажикстан менен достук мамилелерди чыңдоого кызыктар экенин билдирди. Президент тажик-армян кызматташтыгы эки өлкөнүн саясий жана достук байланыштарына шайкеш келбей жатканын кошумчалады. Ага карабай, мамлекет аралык ымалада өнүгүү байкалганын, аны эки тарап тең ырааттуу түрдө бекемдеши керектигин баса белгиледи.
Армения президенти Рахмон жакын арада расмий сапар менен Ереванга келерине, анда жаңы жана көптөгөн макулдашуулар боюнча келишимдер түзүлөрүнө үмүт артты. Өз кезегинде Тажикстан президенти ЖККУ алкагында жана эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшө турган маселелер арбын экенин билдирди.