Аларга АКШ жетекчилик кылган коалиция аскердик аба чабуулдары менен көмөк көрсөтөт.
Чоңдугу боюнча өлкөдө экинчи орунда турган Мосул шаары 2014-жылдан бери экстремисттердин көзөмөлүндө. Операция алдында АКШ аскерлери жоочулардын согуштук позицияларына оор артиллериядан сокку урду.
Буга чейин БУУ Мосул шаарын боштуу операциясынын натыйжасында бир жарым миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Уюмдун Башкы катчысынын орун басары Стивен О'Брайен тараптарды жай тургундарды коргоого жана аларды керектүү жардамдар менен камсыздоого үндөгөн. Ал айыгышкан салгылашта миллионго чукул киши Мосулдан качып кетиши ыктымал экенин айткан.
Ишемби күнү түнүчүндө Ирак армиясы операция даярдалып жатканын эскерткен баракчаларды Мосул шаарына таштады. Бийлик тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана сактанууга чакырды.