Ссылки доступа

Порошенко Орусияга карата санкцияларын узартты


Украина президенти Петр Порошенко Орусияга карата киргизилген санкцияларды узартып, тизмеге илингендердин катарын кеңейтти. Жарлык мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.

Кошумча санкциялык тизмеге 167 орусиялык компания жана 335 жаран киргизилди. Режиссер Олег Сенцов менен активист Александр Кольченко жана башка мыйзамсыз негизде Орусияда соттолгон укариналыктар үчүн жооптуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана соттору да "кара тизмеге” илинди.

Мындан тышкары Порошенко Улуттук коопсуздук кеңешине жана Коргоо министрлигине аннексияланган Крымда Мамдумага шайлоо уюуштургандарга дагы санкция даярдоону тапшырды.

Украина алгач ирет Орусияга карата санкцияларды 2015-жылы киргизген.

XS
SM
MD
LG