Ссылки доступа

Тергөө комитетинин бөлүм башчысы абактын психиатриалык бөлүмүнө жаткырылды


Орусияда Тергөө комитетинин Жеке коопсуздук башкармалыгынын башчысы Михаил Максименко Бутырка абагынын психиатриалык бөлүмүнө которулду. Ал криминалдык авторитет Шакро Молодойдон пара талап кылды делип айыпталууда.

"Интерфакска" Москванын Коомдук байкоочу комиссиясынын башчысынын орун басары Ева Меркачеванын айтымында, Максименко 15 килограммга арыктап, араң басып, начар сүйлөп жана жаза албай калды.

Максименконун ден соолугунун начарлаганы туурасындагы маалымат октябрдын башында пайда болгон. Ал башы катуу ооруп жатканын айткан болчу. Генералдын мурдагы кесиптеши, Тергөө комитетиндеги коррупциялык кылмыш иштин фигуранты Денис Никандров укук коргоочуларга билдиргендей, бир нече жума мурун Максименкону ФСБ алып кетип, чайга психотроптук зат кошуп беришкен сыяктуу.

Никандровдун айтымында, Максименко ФСБдан кайтып келгенден кийин өз атын эстей албай, эч кимди тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG