Ссылки доступа

АКШ: Москва «тыным» тууралуу чечимди кеч кабыл алды


Жай тургундар менен козголоңчулардын чыгып кетүүсү үчүн Алеппону бомбалоону 8 саатка токтотуу боюнча Орусиянын планы жакшы чечим болмок, бирок аракет өтө кеч көрүлүүдө. Бул тууралуу АКШ Мамдепартаменинин расмий өкүлү Марк Тонер билдирди.

Күн мурун Орусиянын Башкы штабы жөнөкөй жашоочулардын чыгып кетиши үчүн 20-октябрда Алеппону бомбалоодо «гуманитардык тыным» уюштурарын билдирген. БУУ Алепподогу согушта кандай гана тыныгуу болбосун кубаттай турганын билдирди. Бирок шаарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атууну кеминде 48 саатка токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Европа биримдиги жөнөкөй адамдар курман болуп жаткан орусиялык жана сириялык аскерлердин авиасоккуларын кескин айыптаган. Билдирүүдө кассеталык бомбаларды жана химиялык куралдарды колдонуу менен ооркуканаларды, мектептерди жана башка шаардын инфраструктуралык объектилерин бутага алып талкалоо «аскердик кылмыш» катары каралышы мүмкүндүгү белгиленген.

Акыркы апталарда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусиянын колдоосу менен Алеппонун козголоңчулардын көзөмөлүндөгү чыгыш бөлүгүнө чабуул жасоосун жандандырды. Андагы авиасоккулар ондогон адамдын өмүрүн алып кетти.

20-сентябрда Алепподо БУУнун гуманитардык кербени аткыланган. Анда кеминде 20 киши өлгөн. Сирия оппозициясы, АКШ жана ЕБ чабуулга Орусияны айыпташкан. Москва ал кинелерди четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG