Жазуучу көмүскө базарда валютанын курсу туруктуу негизде өсүп жатканын маалымдады . Анын айтымында, өткөн аптада доллар 20 теңгеге кымбаттаган жана бул чек эмес сыяктуу.
Быйыл жыл башында Түркмөнстанда өкмөттүн чечими менен банктар бардык операцияларды чет элдик валюта менен жүргүзүүнү токтоткон. Элдер үчүн чоң тобокелчилик менен долларды сатып алуучу жай базар гана болуп калган.
Доллардын расмий эмес курсунун жогорулагандыгына байланыштуу Ашхабаддын жана облустук борборлордун базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар кескин кымбаттаган.