Ссылки доступа

Мосул үчүн күрөш: коалиция ИМди сүрүп чыгарууда (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Украиналыктар, сириялыктар, немистер жана орусиялыктар «Норманд төрттүгүнүн» Берлиндеги саммити болгон күнү митинг өткөрүштү (сүрөттөр топтому)

- Мосул үчүн күрөш: коалиция ИМди сүрүп чыгарууда (сүрөттөр топтому)

-​ Прагада LinkedInди бузган "орус хакери" кармалды. Анын фамилиясы айтылган жок, полиция "Евгений Н." деп атап жатат. Ал Интерполдун ордеринин негизинде ФБРдин көмөгү менен кармалды («Учур» долбоорунан видео)

- Мосул: коалиция эч кандай каршылыкка кабылбастан чабуул жасоодо, брицкриг болобу? Ирак армиясы менен күрттөрдүн пешмерга күчтөрү Мосулдун айланасындагы кыштактарды биринин артынан бирин ээлеп алышууда. Мосул — «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин көзөмөлүндөгү башкы шаарлардын бири. («Учур» долбоорунан видео)

- "Ок атуулар башталганда мен мышыкты, компьютерди алып, жертөлөгө качып кирчүмүн". Сережа – Украина чыгышында согуш башталгандан кийин Донецкке жакын жайгашкан Орловский айылында калган жалгыз окуучу. Анын досторунун баары тең коопсузураак жерлерге качып кетишкен. Бирок Сережа качандыр бир кезде согуш аяктап, достору кайра кайтып келет деген үмүттө. («Учур» долбоорунан видео)

- Петербургда кызматкери Мотороланы тилдеген бар жабылды. Петербургда кызматкери соцтүйүнгө «ДНРдин» өлтүрүлгөн талаа командири Арсений Павлов (Моторола) жана анын жубайы тууралуу орой билдирүү жазган ресторан жабылды. (Директтен видео)

-​ Нур-Султан – Казан жана Крым ханышасы. Нур-Султан ханышасы – крым ханы Менги Гирайдын жубайы, ал билимдүү жана даанышман болгон, анын сулуулугу тууралуу түрдүү уламыштар айтылып келет. Видеоблогдордун жаңы сериясында хан доорунун эң жакшы учуру тууралуу айтылат. (Директтен видео)

- Атамбаев «Бир Бол» фракциясынын депутаттары менен айрым журналисттерди сындады. Президент «Арча-Бешик» конушундагы спорттук комплекстин расмий ачылуу салтанатына катышты.​(Директтен видео)

- "Путин марионетканы көргүсү келет". АКШдагы акыркы президенттик дебаттар. Талапкерлер кайрадан Орусия тууралуу талашка түшүштү. (Директтен видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG