Жарандык активисттерди коргоо боюнча Observatory for the Protection of Human Rights Defenders уюмунун кайрылуусунда Бокаев менен Аянга тагылган айыптар алардын «укук коргоочулук иши жана жарандык активдүүлүгү үчүн өч алуу максатында ойдон чыгарылып түзүлгөнү» айтылат.
Анда сот жараяны башталган 12-октябрдан бери байкоочулар айтып келаткан адилет соттун стандарттары бузулуп жаткандыгы белгиленген. Уюм Казакстан бийлигинин жарандардын тынч чогулуштарды өткөрүүгө болгон эркиндиктерин чектеп жатышын чечкиндүү түрдө айыптады.
Билдирүүдө активисттерге тагылган айыптарды алуу өтүнүчү жазылган каттарды Казакстан президентине, ички иштер министрине, адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө жана башкы прокурорго жолдоо сунушталган. Билдирүүнүн өзү Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун сайтына жарыяланган.