Буга чейин ачык болбосо да Ирактын ири шаарларында жана диний азчылык өкүлдөрү, анын ичинде христиандар жашаган жерлерде алкогол ичимдиктери сатылып келген. Бирок мыйзамдын тарапташтары Ирактын Конституциясы шариатка каршы келген бардык нерселерге тыюу саларын айтып, алкоголго тыюу салууну талап кылышкан. Исламда спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт.
Алкоголго тыюу салуу жөнүндөгү норма күтүүсүздөн ишембиде талкууланган мыйзам долбоорлордун бирине кошулган. Мыйзамдын кабыл алынышын бийликтеги ислам партиялары колдошту, бирок диний азчылык өкүлдөрү кескин айыпташууда. Христиан өкүлдөрү парламент чечими боюнча сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти. Алар тыюу салууну Конституцияга туура келбейт жана диний азчылык өкүлдөрүнүн укуктарын кемсинтет деп эсептешүүдө.