Ссылки доступа

Тажикстан Ирандын жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн шартта виза берүүсүн токтотту


Тажикстан Ирандын жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн шартта — Дүйшөмбүдөгү аба майдандын өзүндө эле виза берүүсүн токтотту. Эми Тажикстанга баргысы келген ирандыктар визаны ал өлкөнүн Тегерандагы же Мешхеддеги консулдугунан алуусу керек болот.

Дүйшөмбүдөгү «Осмон» авиакомпаниясынын касса кызматкери Рустам Курбонов аларга визасыз билеттерди сатпашы керектиги жазылган билдирме келгенин айтты. Анын билдиришинче, визаларынын жоктугунан улам өткөн бейшембиде «Осмон» авиакомпаниясынын каттамы менен Ирандан Тажикстанга учуп келген 40 жүргүнчүнүн билеттери жокко чыгарылган.

Тажикстан ТИМинин аба майдандагы консулдук кызматкери өлкө Ирандын жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн шартта виза берүүсүн токтотконун ырастады. Бирок ал анын «убактылуу көрүлгөн чара» экенин айтып, маселе боюнча кеңири маалымат берген жок. Тажик визасын жөнөкөйлөтүлгөн шарттар менен алган башка өлкөлөрдүн жарандары мындай чектөөлөргө туш болушкан жок.

Иранды тажик визасын берүүдөгү жеңилдиктер каралган өлкөлөрдүн катарынан чыгаруу Дүйшөмбү менен Тегерандын ортосундагы мамилелердин начарлоосунун фонунда болууда. Өткөн жылдын декабрында Тегеран Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабирини эл аралык конференцияга чакырып, а түгүл аны Ирандын руханий лидери Али Хаменей менен жолугуштурган. Буга байланыштуу Тажикстан Иранды террорчуларды колдоого айыптаган.

XS
SM
MD
LG