Сотто Бобокулованын котормочусу Фарида Ханифова айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып жатканын билдирди. "Ал күнөөсүн моюнуна ала турганын айтты", — деди котормочу.
Бобокуловага жаш баланы өлтүрүү, өрттөө жолу менен башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү жана жардыруу тууралуу жалган маалымат берүү айыбы тагылган.
Сот анын камактагы мөөнөтүн 4-апрелге чейин узартты. Буга чейин Тергөө комитетинен психиатриялык экспертиза анын психикалык жактан оорулуу экенин аныктап, ага «медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын» көрүү сунушталганын билдирген.