Шектүү кылмыш кылганын моюнуна алып, аны үч орусиялык аскер кызматкери (арасында Алексей Буенков да бар болгон) сабап салгандан кийин Буенковду өлтүргөнүн айтты. Мамлекеттик айыптоо айыпталуучуну 22 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Маалымдалгандай, сотко Буенковдун туугандары менен жакындарынан эч ким катышкан жок, жабырлануучу тараптан өкүл катары аскер базанын кызматкерлери барышкан. Ахлиддин Машрабовдун апасы сот менен жабырлануучу тараптан уулун кечирип, ага мунапыс берүүнү суранды, бирок сот аны узак мөөнөткө эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.
40 жаштагы орусиялык аскер кызматкери Алексей Буенков ушул жылы 30-июлдан 31-июлга оогон түнү Коргон-Төбөдөгү ресторандардын биринде өлтүрүлгөн. Кол жуучу жерде кезек күтүп турганда башталган Буенков менен Машрабовдун ортосундагы кайым айтыш адам өлүмү менен аяктаган. Ошол эле түнү укук коргоо органдары кылмышка шектүү катары жергиликтүү тургун Ахлиддин Машрабовду кармашкан.